Окуялар

Муфтияттын бухгалтери камакка алынды

Муфтияттын бухгалтери Жеңишбай Бекиевдин баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камалды. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Соттун чечимине ылайык, ал 20-апрель саат 3:30га чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кармалат.

Эскерте кетсек, 10-февралда УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын ачыкка чыгарып, мекеменин эсепчисин кармаган. Атайын кызмат тараткан билдирүүдө муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы да айтылган. Ушул эле күнү анын артынан Максатбек Токтомушев дагы кармалган. 12-февралга караган түнү экс-муфтийдин баш коргоо чарасы тандалып, сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button