Коом

1,1 млн сом: Бишкекте мэриядагы бөлүмдүн жетекчиси кармалды

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгындагы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, мамлекетке болжол менен 1 120 000 сомдук зыян келтирилген.

Бул факт боюнча жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 10-февралда башкармалыктагы бөлүмдөрдүн биринин жетекчиси Т.Н. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштерин ИИМ жүргүзүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button