Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жарандарды кармады

2021-жылдын 11-февралында болжол менен саат 01:50 чамасында Бишкек ШИИББнын «102» кызматына Термичиков жана Гагарин көчөлөрүндогү унаа жуучу жайлардын биринен чөнтөк телефонумду тартып алышты деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1999-жылы туулган А.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен арыз ээсинин 14 000 сом турган » Редми 9″ үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз жарандар ачык түрдө тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган З.А. жана 1997-жылы туулган А.Д. аттуу жарандарды кармашып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.
Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы