Бизге ким жагат өзү?
Бизге ким жагат өзү?
Акыркы күндөрдө болуп жаткан окуяларга байланыштуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып жатат. Биз, эл, өзүбүз «коррупция менен күрөшүп, коррупционерлерди тазалаш керек» деген талапты коебуз дагы, кайра, бирөөнү камаса кыйкырып чыгып атабыз. Муну кандай түшүнсө болот?
Эгер биз коррупция менен болгон күрөштө өзүбүз шайлап алган Президент Садыр Жапаровду колдобосок, анда эмнеге ага талапты коюп, «өлкөнү коррупционерлерден тазала» деп кыйкырганга кандай акыбыз бар?!
Кичине ойлонбойлубу. Эл менен эсептешейин, элди угайын деп аракет кылган сайын, улам бири акыл айтып, улам бири «кызматка аны койбой койдуң, муну койбой койдуң» деп чыга баштады. Мындай тартипсиздик менен мамлекет кантип алдыга жылышы мүмкүн?! Макул, муфтийди же Жумалиевди, же болбосо башка дагы бирөөнү мыйзамсыз кармап, мыйзамсыз кызматтан кетирди дейли. Аны тиешелүү органдар тергеп, иштеп жатат да. Мыйзамсыз болсо, тиешелүү чечимдер чыгат. Эгер мыйзамдуулукту талап кылсак, анда өзүбүз мыйзам сактап, тиешелүү органдардын жыйынтыгын күтпөйлүбү?!
Мындай кетиш менен биз канча президентти кууп, канча президентти шайласак дагы алдыга жылбайбыз. Ар кимдин өз чындыгы бар. Бирок, ар ким эле өзүнүкүн таңуулаган коомдо мыйзамдуулук жок эмеспи.
Келгиле андан көрө, коррупционерлердин кимдер экенин өзүбүз арабыздан сууруп чыгалы. Анын тууган, жакын, тааныш экендигине карабай. Ошого биздин дитибиз барабы?! Жок. Барбайт. Анткени биз чырмалышып, бирибизге-бирибиз байланып калганбыз. Бардыгыбыз таза көрүнүүнү каалайбыз. Бирок, чындыгында бала бакчадан баштап, ак үйгө чейин жөргөмүштүн желесиндей чырмалышып калганбыз. Мындан кутулбасак, мамлекет болуудан, эл болуудан калабыз.
Акырындан тазаланалы. Ичтеги былыктарды тышка чыгарып, душманга күлкү, доско таба болбой, балдарыбыздын келечеги үчүн тазаланалы.
Президент ишине эми гана киришип жатат. Туура, бардыгына жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Ар бир окуяга ыкчам көңүл бурулуп жатат. Ар бир окуя боюнча ортого салуу аракеттери болуп жатат. Эл жактырбаган кадрлар дайындалып калган учурларда, кайрадан коомчулуктун пикири менен ал кадрларды алмаштыруулар болууда. Башмыйзамга жакшы өзгөрүүлөр кирип жатат. Деги бизге эмне керек?! Унчукпаса унчукпады дейбиз. Атса атты дедик. Сүйлөсө сүйлөдү, ырдаса ырдады деп чыктык. Биз ушул деңгээлден кичине өйдөлөшүбүз керек окшойт.
Отуз жылдык тарыхыбызда мындан жаман учурларды баштан өткөрдүк. Азыр дүйнө мамлекеттери улам алдыга жылып, улам бир жаңылыктары менен башкаларды таң калтырып, суктантып жатат. А биз отуз жылдан бери бир дагы айта тургандай ишкана кура алдыкпы. Эмнеге кура алган жокпуз? Ынтымагыбыздын жогунан. Уурулардын көптүгүнөн. Жеке кызыкчылыктардан чыга албагандыгыбыздан улам жыла албай, тушалып турабыз. Эми ошол тушамышты чечели деген аракеттер башталгандай болду. Ууруларыбыз алгандарын кайтара баштады. Мамлекетти эмес, жеке кызыкчылыгын ойлогондор ачыкка чыгып, сурак бере баштады. Дагы деле нааразы болуп жатабыз.
Бизди тышкы күчтөр дагы чайпап жатат. Бул эми мектептеги балдарга дагы дайын болуп калды. Ошол күчтөргө биздин мамлекетибизди талкалап салбоосу үчүн жол бербешибиз керек. Тыштан каржыланган, таянычы күчтүү адамдардын кыйкырыгы күчтүү чыгат. Алар кимдер экенин дагы жакшы билебиз. Бирок, аларды угабыз. Биздеги ушул бейөкмөт уюмдардын ишин мамлекет көзөмөлгө алып, бир калыпка салбаса, булар дагы каалаган оюнун жасап, жакшы эле тайраңдашты.
Ошондуктан, келгиле, Президентке жардам берели. Мамлекет күчтүү болушу үчүн күчтүү тартип, ынтымак, ачыктык, адилеттик, тазалык керек.
Сагынбек Алтынбеков