Окуялар

Телефонун тоноп кеткен. Милиция кылмышка шектүү жаранды кармады

2021-жылдын 14-февралында болжол менен саат 02:40 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Ден Сяопин жана Месароша көчөлөрүнүн кесилишинен уюлдук телефонумду тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1999-жылы туулган Ө.А. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен белгисиз жаран арыз ээсин уруп, “Redmi Note 8” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ачык түрдө тартып алган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Н.А. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөо кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 201-берененин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button