Коом
Кыргызстанда мартта күйүүчү май 10%га чейин кымбатташы мүмкүн.

Ушул жылдын март айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 9-10 пайызга кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.
«Республиканын аймагындагы күйүүчү май, ага болгон суроо-талапты жана Россиядагы заводдордогу бааларды анализдеп көрүп, март айында кара майдын баасы орто эсеп менен 9-10 пайызга кымбатташы ыктымал деген бүтүмгө келдик», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда нефтетрейдерлер баанын мынчалык кескин кымбатташына жол бербөө боюнча аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалашты.