Сокулукта 38 жаштагы адам кылмыш үстүнөн кармалды

Сокулук районунда каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
14-февраль күнү Сокулук РИИБге Сокулук айылындагы батирлердин биринде белгисиз адам жүргөндүгү тууралуу малымат келип түшкөн.
Ыкчам тергөө тобу барып, 1983-жылы туулган А.Н. аттуу жаран үй ээсин карактап жаткан жаткан жеринен кармалган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталды.
Алдын ала текшерүү маалында шектүү уурулукка киргени белгилүү болду. Бирок аны үй ээси көрүп калган. Шектүү үй ээсин ур-токмокко алып, акча талап кылып жаткан. Ошол учурда милиция кызматкерлери тарабынан колго түшкөн.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, керектүү экспертизалар дайындалды.
Тергөө амалдары уланууда.