Кара-Суу районундагы 45 жаштагы жарандын өлүмүнүн себептери иликтенип жатат

2021-жылдын 8-февраль күнү Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Учар айылынын 45 жаштагы С.Ж белгисиз жагдайда башынан жарат алып Ош шаардык ооруканасына түшкөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Бул окуя боюнча Кара-Суу РИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 139-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иш ачылып тергөө иштери башталган. Тилекке каршы жабырлануучу оор абалда болгондуктан өзүнөн сурак жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.
45 жаштагы С.Ж 2021-жылдын 15-февраль күнү ооруканада алган жараатынан улам каза болгон. Алдын ала тергөөдө маалым болгондой 2021-жылдын 7-февраль күнү маркум өзүнүн алты досу менен бирге балалуу болгон досунун жаӊы төрөлгөн баласын жуушуп бир досунун үйүндө чогуу олтурган. Ал жерден чыгып, эки досу менен дааратканага бара жатып бири-бирине чалышып жыгылганда бир досу маркумдун үстүнө басып жыгылгандыгын,ошол кезде маркумдун башы даратканага карай салынган цементтелген жолдун үстүнө башы менен тийгендигин, экинчи досу турамын деп чалышып бутун сындырып алгандыктарын, ошол кезде маркум өзү ордунан туруп жакшы элемин деп өз буту менен үйүн көздөй кеткендигин, ал эми бутун сындырып алган досун калган достору ооруканага алып барышкандыгын айтышкан.
Ошол эле учурда маркумдун жубайы маркум саат 23:00 чамасында кийими суу болуп башы жарылып канаган абалда келгендигин , бул боюнча кайненесине айтканда, жамандык ойлобогон апасы соолукканда ооруканага алып барабыз кийимдерин чечип жылуу жаткырып кой дегендиктен үйүнө жаткырып койгондугун, эртеси тамак ич деп ойготсо оор абалда экендигин байкап ооруканага алып барышкандыгын маалымдашкан.
Учурда маркумга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын чоо жайын кылдат иликтөө боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы



