Окуялар

Бир түндө “ГБР” күзөт агенттиктеринин 3 унаасы убактылуу айып төлөөчү короо жайга киргизилди

Авто унаалардын техникалык бузууларын аныктоо багытында өткөрүлгөн рейдтик иш-чара учурунда “ГБР” күзөт агенттиктеринин 3 унаасы Кыргыз Респуликасынын бузуулар кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүмү (Транспорт каражатын тиешелүү категориядагы айдоочулук ырастамасы же транспорт каражатын каттоочу документи жок айдоо) жана 129-берененин 2-бөлүмүнүн (Сыртына ыкчам кызматтардын транспорт каражаттарынын атайын түстүү графикалык схемалары мыйзамсыз түшүрүлгөн же атайын үн чыгаруучу же жарык берүүчү сигналдар орнотулган же болбосо ар кандай түрдөгү жазуулар, сүрөттөр, фотосүрөттөр түшүрүлгөн транспорт каражатын башкаруу) негизинде убактылуу айып төлөөчү короо жайына киргизилди.

Өкмөттүн 1999-жылдын 5-ноябрындагы №610 токтомуна ылайык, атайын сигналдарды төмөнкү бөлүмдөрдүн автоунааларына гана орнотууга уруксат берилет:

-өрт өчүрүү кызматы;
-милиция;
-тез жардам кызматы;
-акча каражаттарын чогултуу жана баалуу жүктөрдү ташуу унаалары;-аскердик автомобиль инспекциясы жана ведомстволук жол кыймылынын коопсуздугу кызматтары;
-чукул кырдаал: аскерлештирилген минадан куткаруу бөлүктөрү;
-өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жардам көрсөтүү кызматтары.

Демек, айдоочулар “ГБР” коопсуздук унааларына жол берүүгө милдеттүү эмес.

“ГБР” күзөт кызматынын унааларына көгүлтүр түстөгү жаркылдаган маяктарды орнотууга тыюу салынат. Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери мындай мыйзамсыз орнотулган жаркылдактарды алып жатышат.

Ошондой эле 2020-жыл ичи “ ГБР” күзөт кызматынын автоунааларынын катышуусунда жол кырсыктары жана жол эрежелерин бузуу боюнча 8 окуя катталып, баардыгы Кыргыз Республикасынын бузуулар тууралуу кодексинин тийешелүү беренелеринин негизинде тийешелүү протоколдор түзүлүп, унаалар убактылуу айып төлөөчү короо жайга токтотулган.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button