Салттуу ислам түшүнүгү жана анын радикалдык диний агымдардан айырмасы боюнча түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүдө

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы диний экстремизмдин алдын алуу багытында жалпы республика боюнча жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын катышуусунда лекция, семинар-тренинг, тегерек стол, конференция, жолугушуу жана форумдарды өткөрүүдө.
2021-жылдын февраль айында ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун өздүк курамына сабак өткөрүштү. Окууну ИИМдин ЭММКАКнын кызматкери өтүп, жолугушуунун жүрүшүндө видеотасма көрсөтүлүп, салттуу ислам түшүнүгү жана анын радикалдык диний агымдардан айырмасы жөнүндө толук маалымат берди. Мындай сабактардын өткөрүлүп жатканы руханий аң-сезимди сый-урматка, толеранттуулукка, маданияттуулукка тарбиялап экстремизм жана терроризм идеологиясына каршы турууга өбөлгө болмокчу.
Ушундай эле сабактар ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Бишкек шаарында жайгашкан бардык бөлүктөрүндө жана атайын операциялар отряддарында да өткөрүлүүдө.
Ушуга эле катар, ИИМнин ЭММКАКтын уюштуруу-методикалык камсыздоо жана теологиялык изилдөө бөлүмүнүн кызматкери Манас Аманбаев Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өздүк курам менен иштөө боюнча башкармалыгынын республика боюнча аймактык жетекчилерине «Кыргызстандын аймагында тыюу салынган экстремисттик уюмдар жана алардын өзгөчөлүктөрү, каршы туруу ыкмалары» темасында семинар-тренинг өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө талкуу жүргүзүлүп, катышуучулар өзүлөрүнүн диний экстремизм багытында берген суроолоруна толук жоопторду алышты. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өздүк курам менен иштөө боюнча башкармалыгынын республика боюнча аймактык жетекчилери диний экстремизмдин алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралары аскер кызматкерлерине оң натыйжасын берип жаткандыгын билдиришти.
ИИМдин Басма сөз кызматы



