Коом

Коомдук транспорттордун айдоочуларына жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттордун соңку токтоочу аялдамаларына барып, айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин к сактоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жолугушуу учурунда унаанын техникалык абалына көңүл буруп, жарык берүүчү, айнек тазалоочу, электр шаймандарын, акумулятордун зарядынын туура иштешин текшерүү менен бирге сөссүз түрдө санитардык нормалардын сакталышы зарыл экендигин эскертишти. Ошондой эле айдоочулар каттам учурунда жүргүнчүлөрдү алууда же түшүрүүдө аялдамаларда кана токтоорун белгилешти. Анткени жолдун аялдамага жетпей, же жолдун экинчи тилкесинен токтогон учурда, артындагы башка унааларга тоскоолдук жаратып, жол тыгынын пайда болушуна алып келерин белгилешти. Ошондой эле коопсуздукка көңүл бөлүп, тилкеден тилкеге өтүүдө жана жолдо башка айла-амалдарды жасоодон алыс болуу керек. Унаалардын ортосундагы аралыкты жана каптал аралыкты сактоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүшүп, күн же түн болобу аба ырайы бузулганда, туман болсо чырактарын колдонуу зарыл, ошондой эле ылдамдыкты мүмкүн болушунча коопсуз деңгээлге чейин азайтуу жана эскертүүчү жарык күйүп турушу керек экенин белгилешти.

Буну менен кана чектелбестен МККБнын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери менен бирдикте абанын булганышына себепчи болгон авто унаалардан чыккан абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарган кара түтүндүү унааларга карата текшерүү иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button