Коом

Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү токтоп турган унааларды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуну кармады.


2021-жылдын 30-январында болжол менен саат 01:00 чамасында белгисиз айдоочу белгисиз авто унаа менен Жумабек көчөсүнөн чыгышты көздөй бара жатып, Ибраимов көчөсүнүн кесилишинен токтоп турган “Хонда Фит” жана “БМВ-525” үлгүсүндөгү авто унааларды сүзүп, андан ары окуя болгон жерден белгисиз тарапка качып кеткен.

Жол кырсыгынын натыйжасында “Хонда Фит” үлгүсүндөгү авто унаанын айдоочусу жабыркап ооруканага жаткырылган.

Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары “Nissan X-Trail” үлгүсүндөгү авто унаанын 1969-жылы туулган Ш.Г. аттуу айдоочусун кармашып, Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.


Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button