Саясат

Марат Казакбаев: Садыр Жапаров ишин коррупция менен күрөшүүдөн баштады

Кечээ, Райымбек Матраимов чоң акчанын изин жашыргандыгы үчүн кармалды. УКМКнын бул билдирүүсү заматта күндүн башкы жаңылыгы болду.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, көз карандысыз журналисттик иликтөөлөргө ылайык, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Кыргызстандан 700 миллион доллар чыгарып кеткен, ошондон улам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сот 48 сааттын ичинде коррупциялык жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында ага карата баш коргоо чарасын тандоо маселесин карайт.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, эсептерин камактан бошотуу менен 260 000 сом айыпка жыгуу чечими коомчулуктун кыжырын келтирип, элди ага каршы митингге чыгууга алып келди. Нааразылык социалдык медиа баракчаларында гана эмес, жарандык активисттердин, саясатчылардын жана жөнөкөй жарандардын тынчтык митингине чыгышына алып келди.

Президент Садыр Жапаров Биринчи май райондук сотунун чуулгандуу өкүмүнөн кийин берген маегинде Райымбек Матраимовдун иши бүтө элегин, башка эпизоддор боюнча иштер улантыларын айткан. Анын сөзү чындыктан алыстаган жок, бул өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу жана мамлекет башчысына ишенимди сактоо үчүн маанилүү.

Кантсе да, Матраимов кланынын Сооронбай Жээнбековдун тушундагы өлкөнүн саясатына тийгизген таасири жана алар иш жүзүндө сатып алган парламенттик шайлоо өткөн жылдын 5-октябрында үчүнчү революцияга алып келген. 8-октябрда өкмөттү жетектөө милдетин Садыр Жапаров колго алгандагы биринчи убадаларынын бири — ири коррупциялык схеманы түзүп, «Раим-Миллион» каймана атын алган олигархты түрмөгө отургузуу болгон.

Мына, Райымбек Матраимов, тагыраагы, ал азыр Ысмайылов УКМКнын СИЗОсуна отургузулду.

Саясат таануучу Марат Казакбаевдин айтымында, президент Садыр Жапаровдун бул аракетин акыл-эстүү коом колдошу керек.

«Азыркы президент чуулгандуу иштер, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча берген убадалары менен иштеп жатат. Буга чейин Райымбек Матраимовдун камалып, кайра бошотулушу, Биринчи май райондук сотунун 260 миң сом айыпка жыгып коюшу – элдин бетине түкүрүп койгондой эле болду. Баары биринчи эле берген убадаларын аткарган жок деп президентти күнөөлөштү.

Эми укук коргоо органдары аны кайрадан кармап, тергөө абагына киргизгенин мен туура деп эсептейм. Бул берген убадаларын аткарып жаткан президенттин эмгеги. Башкача айтканда, кылмыш дүйнөсүнө жана коррупцияга каршы күрөш жүргүзүлүп жатат. Коом муну көрүшү жана сезиши керек.

Мурдагыдай эле, президенттин саясатына болгон элдин жана коомдун ишеними чоң. Көңүл калтыруунун кажети жок. Бул анын ишинин башталышы гана, биз конкреттүү аракеттерди көрүп жатабыз. Бул бизди кубандырат: ал убада кылган нерселердин бардыгы аткарылат.

Албетте, Президенттин саясатына жана азыркы бийликке карата айтылган сын-пикирлер бар. Бардык оор чечимдерди ишке ашырууда, айрыкча коррупцияга каршы күрөшүүдө конкреттүү чечимдер керек, бардыгын талкалап, бузуш керек.

Бүгүн айрым күчтөрдүн Президентке каршы чыгат деген божомолдор бар, мындайлар болушу керек. Бирок ага карабастан Президенттин саясаты бекем бойдон калууда. Эгерде күрөшпөй койсоң баарына жага бербейсиң, каршылаштар ар дайым болот. Бул кадыресе көрүнүш — демократиялык коомдо оппозиция болушу керек. Бирок бара-бара Президенттин жүргүзгөн саясатынан, жаңылануулардан жана аткарылган иштерден улам жарандар алдыга жылуу бар экендигин түшүнүшөт. Бул эң башкысы.

Башында мурунку президенттер дагы коррупция менен күрөшөм деп убада беришкен, бирок кийин алар өздөрү кылмыш дүйнөсүнө аралашып кетишкен. Эч нерсени байкамаксан болушту. Мисалы, мурунку президент журналисттердин коррупция боюнча суроолоруна эч кандай факты жок, Матраимовдун эмне кылганын көрсөтүп, далилдеп бергиле деген жооп менен чектелип койгон эле. Чындыгында бул элдин бетине түкүрүү болгон.

Ошондуктан бизге көптөн бери талап болуп келген чечимдерди тайманбастык менен ишке ашырган Садыр Жапаровго окшогон адам керек болчу. Азыр ага туура ойлонгон, акыл-эстүү элдин колдоосу керек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button