Коом

Жумгалдагы мал сарайда жашаган Кубанычбекке үй куруу үчүн жер берилет

Жумгал районунун Лама айылынын тургуну Кубанычбек Үсөналиевге үй салып берүү боюнча иштер жүрүп баштады. Учурда айыл өкмөтү жер маселесин чечип бергени турат, деп билдирди райондук мамлекеттик администрациясынан.

Кубанычбек Үсөналиев учурда 47 жашта, анын 4 баласы бар (бири кыз). Келинчеги менен 5 жыл мурун ажырашкан. Учурда айылдагы эски сарайдын бир бурчунда күн кечирип келет. Анын жанында жайгашкан 2 бөлмөлүү эски үйдө мүмкүнчүлүгү чектелген апасы менен карындашы жашайт. Ал эми 3 уулу райондун борборунда жайгашкан «Нур-Булак» балдар үйүндө жашашат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button