Окуялар

Өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган жаранга жардам көрсөтүлдү

2021-жылдын 19-февралында болжол менен саат 10:00 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Ак-Ордо конушундагы “Тецтин” астындагы чоң чуңкурчада белгисиз жаран өлүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда эски казылган чуңкурчанын ичинде белгисиз жаран жаракат алып, ордунан тура албай жаткандыгын көрүшкөн. Тактоо учурунда 1993-жылы туулган аты-жөнү белгисиз жаран үй бүлөлүк чыр-чатактан улам өзүн өзү өлтүрүү максатында атайын ошол чоң чуңкурга кулаганы белгилүү болгон.

Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирдикте чуңкурдан көтөрүп алып чыгып, «тез жардам» унаасына салып беришти.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button