Коом

Таалайбек Бектенов «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору болду

«Электр станциялары» ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын башкы директору болуп Талайбек Бектенов дайындалды. Бул туурасында ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин башкы директор Жолдошбек Ачикеев болгон. Ал 1-февраль күнү өз ыктыяры менен кызматтан кетип, убактылуу анын милдетин Бектенов аткарып жаткан. Ага чейин ал башкы директордун орун басары болуп иштеген.

Талайбек Бектенов 1973-жылы туулган. 1996-жылы Кыргыз технологиялык университетинде өнөр жай ишканаларын электр менен жабдуу адистигин аяктаган.

Эмгек жолун Шамалды-Сай ГЭСинде нөөмөтчү инженерликтен баштаган.

Соңку беш жылда аркалаган кызматтары:

2015-2018 — «Электр станциялары» ААКтын филалында — ГЭС куруу ишканасында башы инженер;
2018-2018 — «Электр станциялары» ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары;
2018-2019 — «Электр станциялары» ААКтын техникалык директору;
2019-2020 — «Электр станциялары» ААКтын башкы директорунун орун басары;
2021-жылдын 24-январынан тарта «Электр станциялары» ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button