Коом
Коронавирус. 59 адамдан аныкталып, дагы эки бейтап каза тапты

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 59 адамдан табылып, 2 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:
Бишкекте – 22,
Ош шаарында — 1,
Чүй облусунда – 18,
Ош облусунда — 8,
Нарын облусунда – 1,
Ысык-Көл облусунда — 9 .
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте — 1 жана Ысык-Көл облусунда – 1 адам каза болгон.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 831 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 690 киши айыгып чыкса, 1 миң 452 адам каза болду.