Окуялар

Авто унааны уурдап качкан шектүү жаран кармалды (ФОТО)

2021-жылдын 20-февралында болжол менен саат 03:30 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына “Верхный Төкөлдөш” дарегинен ВАЗ-2114 үлгүсүндөгү авто унааны уурдап кетишти деген маалымат келип түшүп, ошол замат өздүк курамга авто унааны издеп табуу боюнча багыттама берилген.

Берилген багыттаманын негизинде Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, көп узабай кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинен уурдалган авто унааны айдап баражаткан жеринен 2003-жылы туулган Ж.Н. жана 2000-жылы туулган Ч.Р. аттуу жарандарды кармашып, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Азыркы учурда Октябрь райондук ИИБгы тарабынан тийешелүу иштер жургүзүлүүдө.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button