Коом
Бейшеналиев Россиядан кыргыз мигранттарын эмдөөдөн массалык түрдө өткөрүүнү өтүндү

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Россияда эмгектенип жүргөн кыргызстандыктарды эмдөөдөн өткөрүүнү сурап россиялык кесиптештерине кайрылды. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Министр кечээ, 20-февралда, Москва шаарында Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова менен жолуккан.
«Кыргыз тарап россиялык вакцинаны алууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылды. Ошондой эле Россияда иштеп жүргөн Кыргызстан жарандарын COVID-19га каршы эмдөөдөн жапырт өткөрүүнү суранды», — деп айтылат маалыматта.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев 18-февралдан бери Россияда иш сапар менен жүрөт.