Бишкек—Ош жолунда кайрадан кар көчкү түштү

Бүгүн, 24-февралда саат 7:15те Бишкек—Ош жолунун 223-чакырымында кайрадан кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кар көчкүнүн узундугу 30 метрди, бийиктиги 2-2,5 метрди түзөт.
«Учурда Бишкек—Ош жолу кар көчкүдөн толугу менен тазаланды. Ашууларда катуу бороон болуп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 23-февралда саат 18:30да Бишкек—Ош жолунун 223-чакырымында узундугу 150 метр, бийиктиги 2-3 метр болгон кар көчкү түшкөн. Ошондой эле Транспорт жана жол министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн, 24-февралга караган түнү саат 1:00 чамасында Ала-Бел ашуусу тарапта узундугу 250 метр, бийиктиги 2-2,5 метрге жеткен кар көчкү түштү. Ал эми саат 04:00дө Бишкек—Ош жолунун 226-чакырымында узундугу — 200 м, бийиктиги — 2-2,5 м кар көчкү түштү