Коом

Милициянын кайгуул кызматкерлери орулуу жаранга жардам көрсөтүштү


2021-жылдын 22-февралында болжол менен саат 15:40 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Тоголок Молдо жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жаран жардам сурап жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда Б.Т. аттуу жаран ат ойундарынан (Улак тартыш ) бутунан каттуу жабыркап, ооруканга бара жаткандыгын айтып, бирок жол тыгындарынын себебинен жете албай жаткандыгын кабарлаган.
Милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, оорулуу жаранды кызматтык унаага отургузуп, тезинен №4 шаардык ооруканага жеткиришип, андан аркы медициналык жардым көрсөтүү үчүн медиктердин колуна өткөрүшүп беришкен.
Өз кезегинде милициянын кайгуул кызматынын ыкчам аракетине оорулуу жарандын туугандары жана медицина кызматкерлери ыраазычылыгын билдиришкен.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button