Саясат
Садыр Жапаров 4 жетекчиге жогорку аскердик наам ыйгарды

Президент Садыр Жапаров жогорку аскердик наамдарды берүү жөнүндө жарлыктарга кол койду, — деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.
Жарлыкка ылайык:
— Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке — генерал-лейтенант;
— Апсатаров Бекбосун Джакшылыковичке — генерал-майор;
— Ниязбеков Улан Омокановичке — милициянын генерал-майору;
— Эгембердиев Аскат Раимжановичке — ички кызматтын генерал-майору наамы берилди.