Коом
Кеминде мал айдап келем деп жайытка кеткен 31 жаштагы аял изделип жатат

Чүйдүн Кемин районунда 31 жаштагы аял жайыттан мал айдап келем деп үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Аял 22-февраль күнү Кеминдин Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Терек-Жайлоо тилкесинен жайытка кеткен. Ошол эле күнү ӨКМдин №5 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучу, ИИМден төрт кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 22 адам тартылган. Азырынча жыйынтык жок.
Бүгүн издөө иштери уланууда.