Коом
Республика аймагында 13 өрт кырсыгы катталды

Өткөн суткада республикада 13 өрт кырсыгы катталды, деп билдирди бүгүн, 26-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Өрт чыккан облус-шаарлар:
— Бишкек шаарында 3;
— Чүй облусунда 3;
— Ысык-Көл облусунда 4;
— Жалал-Абад облусунда 2;
— Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Бишкектин Горький көчөсүндө «Додо Пицца» пиццериясында өрт чыкты. Өрттүн келип чыгышына электр зымдарынын күйүшү себеп болгон.