Коом

Өзгөндө милиция кызматкерлери тарабынан 15 жаштагы баладан тапанча алынды

Өзгөн районунун аймагында социалдык тармактарда ок атуучу куралды колдонуп видеотасмага таркаган окуяны иликтөө учурунда Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан аталган райондун Эркин-Тоо айылынын жашоочусу жаш өспүрүм 15 жаштагы И.Н. белгисиз үлгүдөгү тапанчаны алып, сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынган.
Бул жагдай РИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренесинин 1-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши катталган. Өзгөн РИИБдин тергөө кызматы тарабынан ок атуучу куралды алуу иштерин жүргүзүү жөнүндө токтомунун негизинде жаш өспүрүм Н.Инин апасы М.Снын катышуусунда бир даана МР 371 нумурлуу тапанча куралын жана 90 даана ок-даарыларын алуу жүргүзүлгөн.
Аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча алынганган ок атуучу куралга соттук-балистикалык экспертизага токтом дайындалган. Сотко чейинки иштер боюнча тиешелүү тергөө аракеттер улантылууда.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button