Окуялар

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн өспүрүмдү таап үйүнө жеткиришти

2021-жылдын 26-февралда болжол менен саат 13:25 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Бөкөнбаев жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен жаш бала жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2006-жылы туулган Ж.Э. аттуу жашы жете элек өспүрүм жоголуп, изделип жаткандыгы аныкталган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде Исанов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жаш баланы таап, апасына сак-саламат жеткирип беришкен.
Өз кезегинде жаш баланын апасы милициянын кайгуул кызматынын ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button