«Тандоо эркиндиги» саясий партиясынын II курултайы өттү

Бүгүн, 26-февралда Бишкекте «Тандоо эркиндиги» саясий партиясынын II курултайы болуп, анда Бишкек шаардык кеңешине шайлоого талапкерлердин тизмеси бекитилди. Аны партиянын лидери, бишкектик Мария Вавилова жетектеди.

«Бул таптакыр жаңы партия. Көпкө чейин бир орундан түшпөй отуруп калгандарга каршы күч катары бириктик. Бул — келечекти түзгүсү келген күч. Бардык коррупциялык схемалар, бюрократия жок болушу керек”, — деди партиянын мүчөсү, ырчы Салтанат Аширова.
Курултайда партия шайлоо алдындагы программасын сунуштады.
“Тандоо эркиндиги” кийинчерээк бериле турган документте талапкерлер тарабынан жарандар үчүн эң курч темалар козголо тургандыгын жарыялады.

Вавилованын айтымында, партия мүчөлөрү «бишкектиктердин муктаждыктарын жакшы билишет» жана ошонун негизинде шаарды өнүктүрүү программасын түзүштү.
Эскерте кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде болот. Бишкек шаардык кеңешине ат салышуу үчүн 25 партия талапкерлигин көрсөттү.