Окуялар

ВИДЕО: Жаш жигитти унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

2021-жылдын 25-февралында интернет социалдык сайттарда белгисиз авто унаа белгисиз жаранды сүзүп, андан ары кетип калган тууралуу видео тараган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 9:56 чамасында Анкара көчөсүнүн 1/8 дарегинде белгисиз айдоочу белгисиз авто унаа менен 2001-жылы туулган М.Э. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка кетип калган.

Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш чараларын жүргүзүп, натыйжада “Volkswagen Passat” үлгүсүндөгү авто унаанын 1969-жылы туулган С.Б. аттуу айдоочусун кармашып, Бишкек ШИИББнын жол кырсыктарын тергөө боюнча Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен. Ал эми авто унаасы убактылуу токтотуучу короо жайга киргизилген.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button