Коом

Коронавирус. 44 адам жуктуруп, Бишкекте бир адам каза тапты

Өткөн суткада коронавирус 44 адамдан табылып, 52 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

Бишкек – 16;
Ош – 5;
Чүй облусу – 10;
Ош облусу – 5;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 5.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 86 229га жетти.

Тилекке каршы, өткөн суткада Бишкекте бир адам акка моюн сунган. Аны кошкондо жалпы 1 464 бейтап коронавирустун курмандыгы болду. Азыркы тапта стационарларда 364 бейтап дарыланып жатканы маалым болду. Анын ичинен 92 адамдын абалы оор болсо, 16сынын абалы өтө оор деп бааланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button