Коом
Коронавирус. 22 кишиден аныкталып, 2 бейтап каза тапты

Бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус 22 кишиден табылып, 31 бейтап айыкты, ошол эле учурда дагы эки бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек – 9;
Чүй облусу – 4;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 4;
Жалал-Абад облусу – 2.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 86 251ге жетти.
Тилекке каршы, өткөн суткада оору Бишкекте эки адамдын өмүрүн алган. Аларды кошкондо пандемия башталгандан тарта коронавирустан 1 466 адам акка моюн сунду.



