Кыргызстан мамлекеттик карыздан кутулууга үч жылда 123 млрд. сом жумшайт
Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2021-2023-жылдары 123 миллиард 142,4 миллион сом жумшоо пландалып жатат. Бул тууралуу өлкөнүн учурдагы жана 2022–2023-жылдарга карата болжолдуу бекитилген бюджетинде айтылат.
Өткөн жылдын аягында мамлекеттик карыздын көлөмү 4,9 миллиард доллардан ашкан. Анын 4,2 миллиарды тышкы карыз. 2020-жылы мамлекет бересесин төлөө үчүн 31 миллиард сом жумшаган.
«Мамлекеттик карызды тейлөө үчүн 2021-жылы 37 миллиард 266 миллион сом, 2022-жылы 38 миллиард 863,8 миллион сом, 2023-жылы 47 миллиард 12,6 миллион сом жумшоо пландалып жатат», — деп айтылат документте.
Ал эми ички карызды жабууга төмөнкү суммалар жумшалмакчы:
2021-жылы — 663,8 миллион сом;
2022-жылы — 13 миллиард 718,9 миллион сом;
2023-жылы — 15 миллиард 928,7 миллион сом.
Белгилей кетсек, мамлекеттик карыздын көлөмү жогорку чегине жеткени калды. Аны тейлөөгө кетчү чыгым да көбөйүүдө.