Коом

Заман талабындагы кесиптер. Тизме

Бизде кыргыздарда айтып коюшат, өмүрлүк жарыңды жана кесибиңди тандоодо жаңылбасаң, анда жакшы жашоону жашап өтөсүн деп.

Мен кичине же эс тарткан чагымда, прокурор болууну аябай кыялданчумун. Кесипкөй, адилеттүү жана чынчыл прокурорлук кызмат менен элиме кызмат кылам деп максат койчумун.

Мектепти аяктап, кесип тандоого келгенде журналисттик кесипти тандап, кеттим. Кийин дүйнө тааным өзгөрүп, замандын өнүгүшү түздөн-түз таасир тийгизди деп баса белгилеп кетмекчимин.

Азыр эч өкүнбөйм, анткени азыр — байланыш боюнча адис, маркетингди, социалдык тармактарды ж.б. өздөштүрүп иштеп жатам.

Азыр бир нече кесиптин ээси болуп, иштөө жаңылык эмес. Заман талабы. Анткени барган сайын технологиялар болуп көрбөгөндөй ылдамдык менен өөрчүүдө.

Ошондуктан кадырлуу окурман төмөндө сөз боло турган кесиптерден тандап өздөштүрсөңүз жаңылышпайсыз. Мен экинчи кесип катары бөлмөлөрдү дизайнерлөөнү өздөштүрүүнү максат кылуудамын. Өтө кызыктуу кесип деп ойлойм.

Архитектура, дизайнерлөө, кооздугу-адамды өзүнө аябай тартып турат. Көпчүлүк учурда ата-энелер балдарына кесип тандоодо аябай басым жасашат. Кээде өздөштүрүп иштеп кээде окубай койгондору бар. Бирок ата-эне баланын эмнеге жөндөмдүүлүгүн жакшы билет эмеспи, ал жагы да бар. Баланын өзүнүн максаты, ой-тилеги болуусу шарт деп ойлойм. Ошондо гана ал кесипкөй адис болуп, коомдун өнүгүшүнө зор салым кошот деп ишенем.

Алдыңкы 10 жылда талап кылынчу эң алдыңкы 16 кесиптер

2020-2025-жылдардагы эмгек биржасындагы эң көп талап кылынган кесиптерге назарыңыздарды бурабыз.

Бул кесптерди азыр өздөштүрө берсеңиз, алдыңкы 10 жылдыкта кесип тармагында профессионал болосуз.

Жыл сайын дүйнөдө биз билбеген кесиптер пайда болууда. Эмгек базары технология доорунда улам жаңыланып, кара күч эмес азыр акыл менен иштөө көп муктаждыкты жаратууда.

Бүгүнкү изилдөөдө алдыңкы 5-10 жылдагы эң келечектүү кесиптер жөнүндө айтып бермекчибиз

Эң керек болгон, биздин жашоонун бир бөлүгү боло турган кесиптер жөнүндө кенен салыштырмалуу мааалымат менен тааныштырабыз.

Көп аналитиктер мындай аракеттерди жасап келишүүдө. Кээ бир анализдер акылга сыйбагандай. Келечекте эмгек базарында унаа майын куюуучу болобу же технологиянын өнүгүшү менен алардын ордуна робот кызмат көрсөтөбү көрө жатарбыз. Төмөндө көрсөтүлгөн кесиптер эмгек базарында алдыңкы 5 жылда талап кылынат.

Виртуалдык жана кеңейтилген чындык Архитектору
Тамак-аш өндүрүшүнүн технологу
Инженер-робототехниктер
Нанобиотехнологтор
ICO аналитиктер

Тренд-вотчер (мода, инновациялык өнүмдөрдү, кызмат көрсөтүүлөрдү жана коммуникацияларды түзүү үчүн компаниялар колдонгон бизнес-факторлорду (сунуш, суроо-талап, стиль жана мода) баалоо жана болжолдоону кошо алганда, керектөө жана өндүрүштүк тенденцияларды байкоого алуу практикасы. Trend Watching жаңылыктар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү көрүү үчүн керектөөчүлөрдүн жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрүн жана артыкчылыктарын бөлүп көрсөтүүгө мүмкүндүк берет)

3D- басылмасынын проект түзүүчүлөрү
Генетикалык инженерлер
Жасалма инетеллект боюнча адистер
Кибер протез жана инмпалттардын иштеп чыгуучулары
Интернет товарларынын инжинер-иштеп чыгуучулары
Пилоттук эмес түзмөктөрдүн операторлору
BIM-менеджер-проектировщиктер
Көп маалыматтарды анализдөө адистери (Big Data Analyst)

IT-евангелист Аны IT технологиялар индустриясынын кошумча тармагы деп атоого болот. IT евангелисттин милдеттерине блог жүргүзүү, аудитория менен макалалар жана маектер аркылуу байланышуу, ал тургай китеп жазуу кирет.

Нанотехнологтор
Азыр жана келечекте суроо талапка ээ болгон кесиптер.

Доктур
Косметолог
Программист
Инженер
Логист

Дүйнөлүк эмгек базарынын тенденциялары

Келечек роботтошууда, ошондуктан адам баласынын жашоонун бардык тармагына кирет. Мындай анализ техникалык илимдердин жана IT-багытынын өнүгүшүнө толук шарттарды түзөт.

Кесипкөйлүк, чыгармачылык ушул нерселер эң популярдуу болот. Космостук гиддер, и блокчейн-адистер,3d-басылманын иштеп чыгуучулары, адамдардын дизайнерлери жана роботтордун менеджерлери— бул кесиптер алдыңкы келечекте талап кылынган кээ бир гана кесиптер.

Албетте, мугалимдер жана доктурларды роботтор алмаштырган заман али алыс, анткени кесип тандоодо адамдык факторго дагы көңүл буруш керек. Кыйын адамдар бардык жактан, тармактан жумуш таап кетишет. Адамдын акылын, машина менен алмаштыруу өтө кыйын.

Кандай көндүмдөр тренд болот:

системалуу ой жүгүртүү;
айлана-чөйрөнү түшүнүүдө экологиялык багыты;
ар кандай интеллектуалдык деңгээлде программалоо жана жасалма интеллект менен иштөө ;
эмгек процесинин түшүнүксүз абалы;
аралаш тармактардагы коммуникация;
кардарлар менен баарлашууга багыт алуу;
долбоорлордун жетекчиси;
ар тармактуу маданияттуулук

Өзгөчө мааниге тилдерди өздөштүрүү же бир нече чет элдик тилдерди билүү чеберчилиги өтө маанилүү болуп саналат.

Англис тили-өзгөчө. Эгерде жакшы жумуш табам десеңиз анда англис тилин жогорку деңгээлде билүү шарт. Келечекте бардык тармак боюнча эл аралык мамилелер өнүгүүдө ошондуктан тил билүү- заман талабы.

Бирок окумуштуу Кристофер Писсаридес, экономика тармагындагы Нобель сыйылыгынын лауреаты “Төртүнчү индустриалдык революциясынан кийинки адамдын капиталы” лекциясында роботтор адамдарды түртүп чыгара албай турган аз гана тармактарды атап өткөн. Булар саламаттыкты сактоо,билим берүү, кыймылсыз мүлк, мейман тосуу, үй тиричилиги, жеке кызмат көрсөтүү.

Аналитиктер глобалдуу технологиялашууну, IT жана робототехника бардык тармактарды өзүнө камтырын айткан. Жада калса гуманитардык багыттар алготимдөө жана программалоосуз өнүкпөй турганын айткан.

Элде айтылып жүргөн жакшы сөз бар, эртең менен шаша турчу жумушуң, кечинде шашып келчү үй-бүлөң бар болушу керек деп. Макаланын башында айтылган жар менен кесипти туура тандоо өтө маанилүү делген сөз ушундан чыкса керек.

Даярдаган Айсулуу Исабекова

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button