Коом

Коронавирус. 57 адамдан аныкталып, бир бейтап каза тапты

Кыргызстанда акыркы суткада 57 адамдан коронавирус аныкталып, бир киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Акыркы суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 24;
Чүй облусу — 22;
Ош облусу — 1;
Талас облусу — 1;
Нарын облусу — 2;
Ысык-Көл облусу — 6;
Жалал-Абад облусу — 1.
Былтыр жаздан бери Кыргызстанда 86 308 кишиден коронавирус чыкты.

Тилекке каршы, өткөн суткада COVID-19дан Бишкекте бир адам көз жумду. Коронавирус пандемиясы 1 467 кыргызстандыктын өмүрүн алды.

Учурда стационарда 353 бейтап дарыланууда. Анын ичинен эки адамдын абалы канааттандырарлык, 242си орточо, 92си оор, 17си өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 280 бейтап бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button