Бейтааныш адамды коркутуп, телефонун тартып алган кылмышка шектүү адам кармалды (ФОТО)
2021-жылдын 1-март күнү болжол менен саат 20.00 чамасында Ош облусунун Алай районунун 29жаштагы М.И.аттуу жаран Кызыл-Кыя шаарындагы машина базарда жүргөн жеринде, ага бейтааныш болгон азиат улутундагы жашы болжол менен 35-40 чамасындагы жаран күч колдонуп, базар баасы 10500сомдук кол телефонун жана 500сом акчасын тартып алып койгонун билдирип арыз менен кайрылган.
Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (тоноочулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кызыл-Кыя ШИИБнин милициянын уполномоченныйлары тарабынан Ош облусунун Ноокат районунун мурда соттолгон 37жаштагы Б.Ж.аттуу тургуну аныкталып кармалган.

Азыркы күндө кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы