Коом

9-марттан баштап Бишкекте бала бакчалар ачылмай болду

9-марттан тарта Бишкектеги бала бакчалар иштей баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бакчалар толук ачылганы менен бардык тайпанын балдары барбайт. Кийинки аптадан тарта бакчага мектепке даярдоочу жана жогорку тайпалардын балдары гана бара алышат. Ошондой эле атасы же энеси жалгыз тарбиялаган бөбөктөр биринчи кезекте бара турганы айтылды.

Тайпалар 10 баладан өз-өзүнчө топко бөлүнүп тарбияланары маалым болду. Мэрия санитардык нормалар сакталышы керектигин эскертүүдө.

Эске салсак, ордо калаадагы бакчалар 2020-жылдын март айында жабылган. Ошол бойдон бөбөктөр бара элек болчу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button