Окуялар

Өлкө аймагындагы эки шахтада өрт чыкты. Биринде өрт өчүрүлө элек

Кечээ, 2-мартта Кыргызстандын аймагындагы эки шахтада өрт чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2-мартта саат 14:45те Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынын Маркай тилкесинде жайгашкан шахтадан өрт чыккан. Куткаруучулар өрттү өчүрүшүп, тосмо орнотуп беришкен. Жумуш саат 17:40та толук аяктаган.

Ал эми ошол эле күнү саат 08:45те Нарын облусунун Миң-Куш айылында «Берекет-Кен» ЖЧК шахтасынан өрт чыккан. Жерине Көк-Жаңгак шаарында жайгашкан №5 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, саат 00:40та аталган шахтага жетишкен.

Өрт өчүрүү иштери 3-март күнү жүргүзүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button