Коом

Камчы Көлбаев атайын эсепке 50 млн. сом которуп, дагы 200 млн. мойнуна илинди

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жакындары депозиттик атайын эсепке 49,6 миллион сом которду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка караганда, Көлбаевге карата кылмыштуу каражатты адалдоо (250 миллион сом) боюнча дагы бир иш козголгон.

«Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Көлбаевдин жакын адамдары атайын эсепке 49,6 миллион сом которду. Учурда каражаттын калганын мамлекетке кайтаруу боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө. Акыркы мөөнөт — 2021-жылдын апрель айынын аягы», — дешти УКМКдан.
Эске салсак, Көлбаев 22-октябрда Бишкектеги спорттук клубдардын биринде кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, кримтөбөл уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында алынган маалыматтын негизинде колго түшүрүлгөн.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button