Коом

«Тазалыктын» көчө шыпыргычтарынын эмгек акысы 40%га жогорулайт

«Тазалык» муниципалдык кызматынын көчө шыпыргычтарынын эмгек акысы 40%га март айынан тарта жогорулайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, ай сайын өз ишин сапаттуу аткарган көчө шыпыргычтарга айлыгынын 30% өлчөмүндө сый акы берилип турат.

«Кызматкерлерге айлыкты жана сый акыны жогорулатуу мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жана «Тазалык» ишканасынын директору Рыспек Сарпашовдин колдоосу менен жүргүзүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле 8-мартка карата «Тазалыктын» айым кызматкерлерине сый акы берилери айтылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button