Коом

Лейлекте жеке ишкер Исманали Жороев туу орнотту

Бүгүн 3-мартта Лейлек районунун борбору Исфана шаарында жеке ишкер Исманали Жороев өз каражатынын эсебинен туу (флагшток) орнотуп, мамлекеттик туу күнүнө карата ачылуу аземи болду. Иш-чарага райондун жашоочулары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышып, мамлекеттик туу күнүн белгилешти.

Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы Исманали Жороевдин райондун социалдык-экономикалык жактан өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн “Лейлектин ардактуу атуулу” наамын тапшырды.

Кыргыздын мыкты уулу, мекенин сүйгөн Исманали Жороевдин жасаган иштери улуу-кичүү муунга үлгү болот. Сыйлыгы кут болсун! Туубуз дайыма желбиреп, мекенибизде тынчтык болсун!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button