Коом

Аксыда үч адам белгисиз затка ууланып каза болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда үч адам белгисиз затка ууланып каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев тастыктады.

Анын айтымында, бул факт каттоого алынып, жеринде ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

«Биз алардын эмнеден ууланганын айта албайбыз, бирок ууланган үч адам ооруканага жеткирилген соң 4-март күнү таңга жуук каза болушканын ырастай алабыз. Уулануунун себептерин экспертиза аныктайт», — дешти облустук милициядан.
Маалымат катчы каза болгон адамдардан башка дагы бир нече адам ооруканада экендигин кошумчалады. Алардын саны да такталып жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button