Коом
Коронавирус. 41 адамдан аныкталып, эки бейтап каза тапты

Өткөн суткада өлкөдө 41 адам коронавирус жуктуруп, 49 бейтап айыкты. Ошол эле учурда эки адам акка моюн сунду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек – 17;
Ош – 1;
Чүй облусу – 9;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 7;
Жалал-Абад облусу – 3;
Баткен облусу – 2.
Ушуну менен өлкөдө жалпы 86 451 адамдан коронавирус аныкталды.
Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирустан эки адам акка моюн сунган. Муну менен оорудан каза тапкандардын саны 1 470ке жетти.
Учурда өлкөдөгү стационарларда 359 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 93 бейтаптын абалы оор болсо, 17синики өтө оор деп бааланды. Бир сутка ичинде Бишкекте бир медиктен коронавирус аныкталган.