Коом

Бүгүн Бишкектин 3 конушунда таза суу убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн, 9-мартта «Энесай» суу кампасындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу борбор калаанын 3 конушунда ичүүчү таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Суу саат 09:00дөн 15:00гө чейин шаардагы «Энесай», «Дордой-1» жана «Дордой-2» конуштарында, ошондой эле:

  • №21 муниципалдык аймактык башкарууда;
  • №2, 2а, 4 бала бакчаларында;
  • №9 үй-бүлөлүк медицина борборунда;
  • №20 китепканада;
  • №6, №7 милиция бөлүмдөрүндө;
  • «КУТ МонтажСтрой» ЖЧКсында
  • «Ак-Илбирс» компаниясында;
  • «Бегимай-Дордой» жеке бала бакчасында;
  • Свердлов райондук коомдук-профилактикалык борборунда;
  • «Дордой» №32в базарында таза суу өчүрүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button