Коом

Экс-депутат узакка созулган оорудан каза болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Эрик Арсалиев 7-март күнү, 55 жаш курагында оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маалыматты маркумдун жердештери ырастады.

Арсалиевдин жакындарынын билдирүүсүнө караганда, маркум өсмө (рак) оорусуна чалдыккан. Түркияда дарыланып жүргөн. Маркумдун сөөгү 9-мартта алып келишери кабарланды.

Эрик Арсалиев 2004-2005-жылдары «Манас» аэропортун жетектеп турган. 2007-жылы “Ак-Жол” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттик кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button