Окуялар

Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жаранды кармады

2021-жылдын 7-мартында болжол менен саат 01:30 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан аялдамалардын биринде тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2004-жылы туулган Д.К. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен болжол менен саат 01:20 чамасында болжол менен 25-30 жаштагы белгисиз Азият түспөлүндөгү жаран арыз ээсин коркутуп, ачык түрдө баасы 21 000 сом турган “Редми Нот-9” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Н.А. аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 201-беренесинин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button