Окуялар
Азык-түлүк дүкөндөн акча уурдаган жигит кармалды (ФОТО)

Кулунду айылындагы азык-түлүк сатуучу дүкөндөн 2021-жылдын январь айынын орто чендеринде белгисиз атуулдар түн ортосунда кассадагы 8000сом акчасын уурдап кетишкен.
Бул факт Лейлек РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 90-беренеси (орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) менен катталып, текшерүү иштери башталган.
Кулуңду айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милициянын уполномоченныйлары жүргүзгөн иш-аракеттин негизинде Кулуңду айылынын 22жаштагы К.С. аттуу тургуну аныкталып кармалды.

Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы



