Саясат

Маркум Алмазбек Акматовдун туугандары жалган маалымат таратпоого чакырды

Маркум Алмазбек Акматовдун жакындары ММК булактары мурдагы депутаттын сөөгү эксгумацияланат деген маалыматты четке кагышты. Бул тууралуу алар өздөрү VB.KG редакциясына кабарлашкан.

Алардын айтымында, бул маалымат жалган.

— Жакын туугандары оор жоготууга кайгырып жатышат, маркумдун тынчын албагыла, мурдагы депутаттын атын мазактабагыла, бул абийирсиздик ”, — дешти алар.

Эске сала кетсек, 28-февралда парламенттин мурдагы депутаты Алмазбек Акматов узакка созулган оорудан каза болгон. Ал 57 жашта болчу.

Буга чейин reporter.kg басылмасы маалымат булактарына таянып, маркум депутаттын жакындары анын оорудан өлүмүнө ишенбей тургандыгын жана ушул себептен эксгумация жасоону көздөп жаткандыгын жазган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button