Окуялар
Баткен районунда уурдалган уй табылып, ээсине кайтарылып берилди (ФОТО)

2021-жылдын 28-февралынан 1-мартына караган түнү Баткен районунун Чек айылынын тургуну сарайынан белгисиз адамдар тарабынан базар баасы 60000 сомдук бир баш уюн уурдап кеткендиги боюнча арыз менен кайрылган.
Бул арыз Баткен ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Баткен ШИИБнин милиция кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Лесхоз участкасына бирөөнүн үйүнө башка бирөөгө сатуу максатында байлап койгон жеринен Баткен шаарынын 23 жаштагы А.Ч. аттуу жаранды аныктап кармашкан.
Уурдалган мал өз ээсине кайтарылып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы





