Окуялар

Милициянын кайгуул кызматкерлери киши өлтүрүүгө шектүү жаранды кармады (ФОТО)

Милициянын кайгуул кызматкерлери киши өлтүрүүгө шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызаматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-мартында болжол менен саат 07:08 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Ахунбаева көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде “кишинин жансыз денеси жатат” деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип маалыматты тактаганда 1979-жылы туулган Т.Д. аттуу жаран киши колду болуп өлгөндүгү аныкталган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1967-жылы туулган Б.О. аттуу жаранды кармашып, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Октябрь райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button