Кыргызстанда кара куурайды мыйзамдаштыруу менен жакырчылыктан чыга алабыз

Дүйнөгө белгилүү нарколог, доктор Жеңишбек Назаралиев 10-мартта Бишкекте уюштурган Чыгыш Европанын жана Борбордук Азиянын өкүлдөрү менен кара куурайдын медициналык жана техникалык жактан иштетүү жана анын адамзаттын тиричилигине, ден соолугуна пайдалуулугу тууралуу конференциясы болуп өттү.

Конференцияга Кыргызстандын ММК өкүлдөрү жана башка чет мамлекеттен келген өкүлдөр катышып, айрымдары онлайн режиминде докладдарын жана кара куурай тууралуу пикирлерин айтышып, видео-роликтерин көргөзүштү.
Кыргызстан эки жыл аралыгында кара куурайды мыйзамдаштырса өлкөгө бир миллиарддан ашык киреше алып келип, жакырчылыкты жоюуга жакшы көмөкчү болот. Бул тууралуу конференциянын катышуучулары айтып өтүштү.

Доктор Назариевдин айтымында Кыргызстанда 2020-жылы кризистик кырдаалдан улам 1,3 млн адам жакырчылыктын чегинде жашайт. Бул жалпы элдин 22 %ын түзөт, 73,8 % эл айыл жергесинде жашайт.
Ар бир төртүнчү кыргызстандык күнүнө 2,1 доллар гана сарптаса, айрымдары 1,9 доллар менен гана күн көрушөт. Эгерде, дүйнө жүзундөгү элдин 10 % өтө жакыр жашаса Кыргызстанда бул эки эсе көп болуп эсептелет.
Доктор Жеңишбек Назаралиев кара куурайды мыйзамдаштыруу менен медициналык, техникалык жагын карап, адамзаттын тиричилигине жана медицинада колдонула турганы боюнча кызыктуу маалыматтарды айтып өттү.

Конференцияга дүйнөнүн ар кайсы жеринен АКШ, Япония, Чили, Израил, Чехия, Украина, Грузия, Канада, Нидерландыдан атайын адистер, илимпоздор саясатчы жана бизнесмендер катышты.
Бул конференцияга АКШнын жараны Нью-Йорктон түз эфирге чыккан Енди Месидор да онлайн режимде катышып, кара куурайдын адамзаттын жашоосуна тийгизген оң таасири тууралуу айтты.
Ал эми Праганын вице-мэри, врач жана саясатчы Павел Бэм да кара куурайды Чехияда дарылыкка кандай колдонуулары тууралуу айтып өттү.

Украина кара куурай ассоциациясынын жетекчиси Александр Чижов конференцияда кызыктуу маалымат берди. Ал кара куурайдан жасалган экологиялык жактан таза кийимдерди, курулуш материалдарын, дары дармектерди жасоо болоорун айтты. Александр мырзанын кийип келген чепкени жана баш кийими да кара куурайдан алынган материалдан тигилген экен. Кара куурай экологиялык жактан таза болгондуктан андан даярдалган кездемелер пахтадан эч айырмасы жок, жеңил, тердетпейт жана жылуу болоорун, эч кандай синтетикалык кошулмалар кошулбасын баса белгиледи. Дагы бир кызык жери кара куурайдан жасалган дары талма (эпилепсия), карылыктын ооруларына миңдин бири экени да тастылганын айтты.
Грузиянын парламентиндеги саламаттык сактоо комитетинин экс-төрагасы Акакий Зоидзе да кара куурайды мыйзамдаштыруу менен көптөгөн медициналык жакка пайдалуу дарыларды жасаса болоорун жана экономиканын өсүшүнө зор салым кошоорун белгиледи.
Жалпы жонунан бул конференцияда кара куурайды баңгизат катары эмес, адамзаттын тиричилигине пайдалуу материалдарды жасоодо жана дары дармектерди чыгарууда пайдасы зор экени айтылып, ал тууралуу видео-роликтерди көрсөтүштү.

Видео-роликтерден кара куурайдан жасалган жууркандарды, кийим кечек, а түгүл курулуш материалдарын көрсөттү. Кара куурайдан жасалган курулуш материалдардан имарат же үй курулса 12 баллга чейинки жер титирөөдө туруштук бере турганы да далилденгенин көрсөттү.
Жыйынтыгында, конференциянын катышуучулары кара куурай тууралуу толук маалымат алып, атайын келген конокторго жана доктор Женишбек Назаралиевге кызыктуу суроолорду берип, жоопторун ала алышты.

Ал эми доктор Жеңишбек Назаралиев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго Кыргызстанда кара куурайды мыйзамдаштыруу боюнча кайрылуусун белгиледи.



