Кара-Суу базарында араба түртүп, жүк ташыган адамдар бычакташып, бири каза тапты

Кылмыштын изи сууй электе Кара-Суу базарында адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. 2021-жылдын 11-март күнү болжол менен саат 17:28де Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу шаарында орун алган «Оомат» базарында белгисиз атуул денесинен миздүү нерседен жараат алып, Кара-Суу райондук аймактык ооруканасына тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилип, бирок ооруканада өзүнө келбей каза болгондугу туралуу кабар келип түшкөн.
Бул факты боюнча топтолгон материал 2021-жылдын 11-март күнү Кыргыз Республикасынын ЖКнин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча Кара-Суу РИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейинки иш ачылып, тергөө амалдары башталган.
Ошол замат ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге жиберилип, төмөндөгүлөр аныкталган: 2021-жылдын 11-март күнү саат 17:00 чамаларында Кара-Суу шаарында орун алган «Оомат» базарынын 2-катарында Х.Тны өздүгү тактала элек белгисиз атуул, миздүү нерсе менен мойнунун сол тарабына сайып, кылмыш болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Натыйжада, Кара-Суу шаарынын тургуну 45 жаштагы Х.Т денесинен алган жаракатынан улам Кара-Суу райондук аймактык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө жеткирилип, бирок өзүнө келбей каза болгон.
Ыкчам-тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, Х.Тнын жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал эми окуя болгон жерден табылган далил буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Кара- Суу РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмыштын изи сууй электе аталган кылмышка шектелип 47 жаштагы кошуна мамлекеттин жараны С, Ш аттуу жаран кармалган.Ал аталган базарда 7 жылдан бери маркум менен чогуу жүк жүктөп араба түртүп иштеп жүргөн. Маркум да кошуна мамлекеттен көчүп келип 5 жыл мурда Кыргызстандын жарандыгын кабыл алган.Кылмышка шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Эки күн ичинде баш коргоо чарасы каралмакчы.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы



